Президент Эрдогандын Румыния сапары

Түркия менен Румыниянын ортосунда ар түрдүү тармактатарда келишимдерге кол коюлду.

221355
Президент Эрдогандын Румыния сапары

Расмий сапар менен Румынияга барган президент Режеп Таййип Эрдоган Президенттик сарайында Румыниянын президенти Клаус Йоханнес тарабынан салтанатуу тосулуп алынды.

Эки президент жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйналышка Стамбулдагы барымта кризисинде шейит болгон прокурор Селим Кираздын жакындарына көңүл айтуу менен баштаган президент Эрдоган, Түркияга кайтаар замат Кираздын үй-бүлөсүнө учурай турганын айтты.

Эрдоган сөздөрүн: "Демократия мындай кол салууларга моюн суна тургандай жөнөкөй система эмес. Демократияга ишенгендердин мындай террористтерге каршы бирге күрөшүүлөрү шарт деп ишенем"-деди.

Президент Эрдоган андан кийин Румыниянын премьер-министри Виктор Понта менен жолукту. Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактатарда келишимдерге кол коюлду.  Эрдоган Түркия-Румыния Ишкердик форумуна да катышты.

Румыниядан Европа Биримдигине кайрылган президент: "Түркия, ЕБне жүк болуш үчүн келбейт, жүктү жеңилдетүү үчүн келет. Түркиянын кадырын билгиле"-деп айтты. Эрдогандын күн тартибинде глобалдык тынчтык да бар эле. Президент: "Жерлердин басылып алынышына карай ташталган кадамдарды биз туура көрбөйбүз. Эми бул дүйнө жерлерди басып алуу менен тынчтыкка жете албайт. Тынымсыз түрдө күчтүүлөр күчсүздөрдү эзип турган дүйнөнү каалабайбыз. Ким болсо дагы, кайда болсо дагы"-деди.

Президент Эрдоган кечээки жырткычтай кол салуунун себебинен Румыниядагы сапарын кыскартып, кечинде Түркияга кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар