Эрдогандын Словения сапары

Эрдоган маалымат жыйынында террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты алдыңкы планга чыгарды.

289063
Эрдогандын Словения сапары

Эрдогандын Словения сапарында башкы күн тартип Европа Биримдигине мүчөлүк болду.
Эрдоган президент сыпаты менен алгач ирет барган Словенияда кесиптеши Борут Пахор тарабынан жылуу тосулуп алынды. Биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Пахор, Словения Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн күчтүү түрдө колдогонун айтты.
Эрдоган маалымат жыйынында террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты алдыңкы планга чыгарды.
Террордун эл аралык тема болгонун белгилеген президент, чек ара коопсуздугуна байланыштуу «Бизге ысымдардын жана тизмелердин жиберилиши керек. Андай болбосо биздин келген ар бир туристти пакеттеп кайра жөнөтүшүбүзгө туура келет»-деди.
Түркияга кирүүгө тыюу салынган 12 миң 500 кишилик бир тизме болгонун баса белгилеген Эрдоган, кармалып өлкөлөрүнө жиберилген киши санынын да 1250 чакты болгонун айтты.
ДАИШ террор уюмуна «Ислам мамлекети» деп айтуунун Исламды урматтабастык болгонун баса белгилеген Эрдоган, ДАИШти террор уюму катары тизмеге алгандарын айтты.
Эрдоган террор уюмунун ысымынын жанына мамлекет сөзүнүн да коюлбай турганын эске салды.
Андан кийин Словениянын премьер-министри Миро Жерар Эрдогандын урматына иш тамагын берди. Аны улай кесиптеши Пахор менен Түркия-Словения ишкердик форумуна катышты.
Эрдоган сөзүндө: «Биз Словенияны түздөн-түз чек арабыз болбосо да коңшубуз катары көрөбүз. Кызматташтыгыбыздын эки тараптуу пайда менен өнүгүүсүн жана жаңы тармактарга да жайылуусун камсыздашыбыз керек»-деди.
Пахор да «Стратегиялык өнөқтөштүк» келишимине кол койгондорун баса белгилеп: «Түркия, Словенияны Европа Биримдигине шериктеш катары көрөт. Биз да Ислам дүйнөсүндө шериктеш издөөдөбүз, аны да таптык. Ал да Түркия»-деп айтты.
Эрдоган сөзүндө менчиктештирүү иштерин баштаган Словенияга сунуштарды айтты жана Словениянын таштай турган кадамдар менен күчүнө күч кошоорун айтты.
Эрдоган андан соң Словениянын Улуттук парламентинин төрагасы Милан Брглез менен жолукту.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар