Эрдогандын үч өлкөгө сапары бүгүн башталат

Сапары убагында көптөгөн экономикалык келишимдерге да кол коюлат.

287148
Эрдогандын үч өлкөгө сапары бүгүн башталат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Словения, Словакия жана Румынияны камтыган расмий иш сапарын бүгүн баштайт.
Биринчи аялдамасы Словенияда кесиптеши Борут Пахор менен жолугуша турган Эрдоган шейшемби күнү болсо Словакияга өтөт.
Эрдоган бул жерде Словакиянын президенти Андрей Киска менен жолугат.
Президент Эрдогандын чет өлкөгө сапары 1-апрель шаршемби күнү Румынияда жолугушууларды өткөргөндөн кийин аяктайт.
Эрдоган Румынияда президент Клаус Йоханнис тарабынан тосулуп алынат.
Эрдогандын үч өлкөнүн тең өкмөт башчы жана парламент төрагаларын да кабыл алуусу күтүлүүдө.
Расмий жолугушууларындагы эң негизги тема Түркиянын Европа Биримдиги менен уланып жаткан сүйлөшүү процесси болмокчу.
Түркиянын мүчөлүгүнө колдоо көрсөткөн Европа Биримдигине мүчө ушул үч өлкөнүн лидерлери менен өткөрүлө турган жолугушуулар жана президент Эрдогандын билдирүүлөрү көңүлдөрдү бурат.
Президент Эрдоганды Түркиядан көп сандаган ишкерлер да коштоп жүрөт жана сапары убагында үч өлкөдө көптөгөн экономикалык келишимдерге кол коюлат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар