Балыкесирдин Айвалык районунда 62 киши кармалды

Мыйзам тышы жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган 62 киши кармалды

274564
Балыкесирдин Айвалык районунда 62 киши кармалды

Балыкесирдин Айвалык районунда мыйзам тышы жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган 62 киши кармалды. Араларында аялдар менен балдар да болгон 30 кишилик афганстандык топ шиширилген кайыктар менен Мидилли аралына барууга аракет кылып жатканда Гүнеш аралында болгон борошого учурады. Кайыктын көңтөрүлүп кетүүсүнөн корккон кээ бир кишилер Айвалык жээк коопсуздук топторуна телефон чалып жардам сурашты. Жээк коопсуздук топтору бул чакыруу боюнча барып куткарып калышты. Райондук жандармерия командирлигине караштуу топтор болсо Хаккыбей жарым аралында Мидилли аралына баруу үчүн өздөрүн алып бара турган кишилерди күтүп жаткан топко кездешти. Жандармерия араларында аялдар менен балдар да болгон Сирия жана Афганстан тектүү 32 кишини камоого алды. Эки окуяда кармалган 62 киши Айвалык мамлекеттик ооруканасында медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин өлкөдөн чыгаруу үчүн райондук коопсуздук директорлугуна алып барылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар