«Биздин бербей турган эсебибиз жок»

Эрдоган Арменияга архивдерди ачуу чакыруусун кайталады

272894
«Биздин бербей турган эсебибиз жок»

Президент Р. Т. Эрдоган 1915 - жылдагы окуялар тууралуу Түркияга каршы жүргүзүлгөн кампанияларды сынга алды. Стамбулда «100 - жылында Биринчи дүйнөлүк согуштун документтери» деген темада сөз сүйлөгөн президент Эрдоган Арменияга архивдерди ачуу чакыруусун кайталады.
Эрдоган : «Келгиле, биздин архивдерибиз, документтерибиз бул жерде. Биздин азыркы учурда жүз миңдеген, миллиондон ашкан документибиз бар, сенин канча документиң бар. Тарыхчыларды, архивдерди, политологдорду, археологдорду, укукчуларды милдеттендирели. Келип бул документтер боюнча иштешсин, баары ортодо. Чындыкты ушундайча издейли»,- деди. Президент Армениянын ахлактык болбогон жолдорду колдонуу менен Түркияга каршы жүргүзө турган кампаниялардан эч нерсе ала албай турганын баса белгиледи. Президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты: «Бул тууралуу баарыбызга керек болгон чындыкка башка өлкөлөрдүн сенаттарында чечимдерди чыгартып, медиаларында жазууларды жаздыруу менен жете албайт. Чындык изделе турган жер бул архивдер, бирок ушул күнгө чейин бул чакыруубузга жооп ала албадык. Себеби максат чындыкты табуу эмес, Түркияга кол салуу, чыгымга учуратуу. Биздин бул тууралуу бирөөгө бере турган эсебибиз жок. Биз өз калкыбыздын акыркы 100 – 150 жылда жашаган кыйынчылыктарынын артынан түшө турган болсок армян жалааларынан дагы көп айта турган сөзүбүз, сурай турган эсебибиз чыгат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар