Чавушоглу Азия – Тынч океан аймак туруна чыгат

Камбоджага 1970 - жылдан бери Түркиядан тышкы иштер министри деңгээлинде биринчи жолу жасала турган сапар болот

263757
Чавушоглу Азия – Тынч океан аймак туруна чыгат

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Чавушоглунун Азия – Тынч океан аймак турунун негизинде 2015 - жыл 14 - 19 – март күндөрү кезеги менен Камбоджа, Таиланд жана Вьетнамга расмий сапар менен барары белгиленди. Камбоджага 1970 - жылдан бери Түркиядан тышкы иштер министри деңгээлинде биринчи жолу жасала турган сапар экени белгиленген маалыматта Чавушоглунун Камбоджа Улуттук парламентинин спикери Хэн Самрином тарабынан кабыл алынары жана Камбоджанын тышкы иштер министри Хор Намхонг менен жолугушары билдирилди.
Сапар турунун акыркы бөлүмүндө болсо Чавушоглунун Вьетнамды зыярат кылары белгиленген маалыматта : «17 жылдан кийин тышкы иштер министрлик деңгээлдеги бул алгачкы сапардын негизинде Вьетнамдын вице – премьери жана тышкы иштер министри Фам Бинь Минь менен жолугушат жана Вьетнамдын президенти Чыонг Тан Шанг тарабынан кабыл алынат»,- деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар