Сириядан келгендерге каалгалар ар дайым ачык болот

Сириянын улуттук коалициясы Анкарада.

263306
Сириядан келгендерге каалгалар ар дайым ачык болот

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу Сириянын улуттук коалициясынын өкүлдөрү менен Анкарада жолугушту.
Өкмөт башчы Сириянын улуттук коалициясын Сирия калкынын мыйзамдуу өкүлү катары кабыл алгандарын айтты.
Давутоглу Түркия оор күндөрдө Сирия калкына каалгаларын эч качан жаппаганын, мындан кийин да Сириядан келгендерге каалгалар ар дайым ачык болоорун баса белгиледи.
Премьер-министр: «Ким эмне десе десин сиздер биздин өз туугандарыбызсыңар»,-деди.
Сулейман Шах операциясында Сириянын улуттук коалициясынын көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирген Давутоглу: «Мындан кийин да Сулейман Шах күмбөзү сиздерге аманат жана сиздердин жетимдери да бизге аманат»,- деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар