Мевлүт Чавушоглу НАТОнун эл өкүлдөрүн кабыл алды

НАТОнун эл өкүлдөрү Түркиянын НАТО үчүн чечүүчү шериктеш экенин баса белгилешти.

255366
Мевлүт Чавушоглу НАТОнун эл өкүлдөрүн кабыл алды

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу НАТОнун Парламенттик ассамбеясынын мүчөлөрүн кабыл алды.
Жолугушуунун негизги күн тартиби Ирак жана Сирияда террордук кыймылдарын уланткан ДАИШ менен күрөшүү болду.
НАТОнун эл өкүлдөрү Түркиянын НАТО үчүн чечүүчү шериктеш экенин баса белгилешти.
Ирак жана Сириядагы кырдаалга НАТОнун жакын байкоо салып жатканын айткан мүчөлөр, ДАИШти чоң коркунуч катары эсептегендерин сөз кылышты.
Жыйында айрыкча ДАИШ менен күрөшүүдө бардык өлкөлөр кызматташтык түзүп, биргелеше мамиле жасашы керектиги айтылды.
Кабыл алууда Түркия-НАТО карым-катнаштары да каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар