Курал таштоо чакырыгынын жаңырыктары

Президент Эрдоган:«Сагыныч менен күткөн чакырык болчу»-деди.

242487
Курал таштоо чакырыгынын жаңырыктары

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор уюму ПККга айтылган курал таштоо чакырыгына байланыштуу:«Сагыныч менен күткөн чакырык болчу»-деди. Президент: «Мунун аянтка канчалык чагылыша турганын көрө жатабыз»-деп айтты.
Эрдоган Сауд Аравияга сапарынын алдында кечээ "Ататүрк" аэропортунда массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Президент Эрдоган: «Куралды ташташы керек болгон уюмдун мүчөлөрү. Коопсуздук күчтөрүнөн мындай нерсе күтүлүп жаткан болсо, бул бош кыялдануу болот. Аскер, полиция курал таштасын деп жатса, бул өзү сандырак кеп болот. Ансыз деле терроризмге киришүүлөрү болбосо коопсуздук күчтөрү курал колдонбойт»-деди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу да Анкарада катышкан бир иш-чарда, «Эми бул жерлерде эч ким курал тили менен сүйлөшпөшү керек. Бүгүн ташталган чакырыктын ишке ашырылуусун жакындан байкайбыз»-деди.
Өкмөт башчы Давутоглу «Жаңы Түркия жолунда» аттуу сөз сүйлөөсүндө да чечүүчү жол процессинин эми улуттун көздөгөнү, бүткүл атуулдар ээ болгон процесс экенин белгилеп, чечүүчү жол процессинде алдыбыздагы мезгилде дагы бекем кадамдар таштала турганына ишеничин сөз кылды.
Давутоглу: «Түркияда зомбулуктун, куралдын тили соңуна чыгып, демократиялык саясаттын жолу ачылат»-деп айтты.
Бул учурда башкы оппозициялык партия ЖХПнын жетекчиси Кемал Кылычдароглу болсо бул абалга, «Курал таштоо бул жерлерде тынчтыкты алып келүүчү кадам болот»-деген серебин салды.
Бир тараптан Европа Биримдигинен курал таштоо чакырыгына колдоо айтылды.
Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин маалымат кеңсесинин жарыясында, ПККга карай курал таштоо чакырыгы оң кабыл алынганы сөз кылынды.
Анда : «Вице-премьер Ялчын Акдогандын да белгилеп кеткениндей чечүүчү жол процессине карай оң кадам болду. Бүткүл тараптар бул мүмкүнчүлүктү демократиялашуу жана тынчтык багытында чечкиндүү илгерилөөнү камсыздоо үчүн коолдонушат деп үмүттөнөбүз. Европа Биримдиги ар дайым болгону сыяктуу бул процесске да эң күчтүү саясий колдоосун көрсөтүүдө жана кошулуудан мурда фонддор менен кошо ишке ашырылуучу жардамга даяр болгондорун кайталайт»-деп берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар