Чечүүчү жол процессинде тарыхый күн

Акдоган сөздөрүн: «12 жылдан бери аккан кан токтосун, энелер ыйлабасын деп жатып, үнсүз төңкөрүш мүнөзүндөгү кадамдарды таштадык»-деди.

242652
Чечүүчү жол процессинде тарыхый күн

Вице-премьер Ялчын Акдоган «Куралдардын процесстен чыгарылышы демократиялык өнүгүүгө ылдамдык киргизет»-деди.
Ички иштер министри Эфкан Ала менен вице-премьер Ялчын Акдоган кечээ Элдердин демократиялык пратиясынын делегациясы менен Стамбулда жолугушуп, чечүүчү жол процессинде жетилген чекитти койду.
Элдердин демократиялык пратиясынын делегациясынын өкүлү жана эл өкүлү Сырры Сүрея Өндер жолугушуудан кийинки маалыматында, «Бул процессте келип жеткен баскычка байланыштуу Өжаландын негизги белгилөөсү мындай: «ПККны жай айларында кезексиз курултай өткөрүүгө чакырамын. Бул чакыруу куралдуу күрөшүүнүн ордун демократиялык саясаттын алышына карай тарыхый ниет билдирүүсү»-деди.
«Чечүүчү жол процессинин татаал, машакаттуу кечтен таң аткыча бүтпөй турган процесс экенин билебиз. Бирок чечкиндүүлүк менен буга жете турганыбызга ишенемин»-деген Ялчын Акдоган сөздөрүн: «12 жылдан бери аккан кан токтосун энелер ыйлабасын деп жатып, үнсүз төңкөрүш мүнөзүндөгү кадамдарды таштадык»-деп улантты.
Ялчын Акдоган бул чакырыкты абдан маанилүү көргөндөрүн баса белгилеп кыймыл кылбоонун толук түшүнүк менен ишке аша баштоосунун маанисине көңүл бурду.
Акдоган негизги маселелерин артка калтырган Түркиянын глобалдык жана аймактык күч абалына айлана турганын сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар