Давутоглу Пакистанда маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Давутоглу эки өлкөнүн соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүүнү максаттагандарын түшүндүрдү.

221377
Давутоглу Пакистанда маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Пакистандагы жолугушууларынын алкагында эң оболу ал өлкөнүн премьер-министри Наваз Шариф менен жолукту.Өз алдынча жолугушуудан кийин Түркия-Пакистан Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 4-жыйналышына өтүштү.Эки өкмөт башчы андан соң 11 тармакта кызматташуу келишимине кол коюшту.

Премьер-министр Давутоглу жана Пакистандын өкмөт башчысы Шариф биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында маанилүү маалымттарды беришти.
Давутоглу террор жана исламга каршы чыккандар менен биргелеше күрөшүүнүн маанисин баса белгилеген сөзүндө, Америкада өлтүрүлгөн мусулмандар менен Европада өрттөлгөн мечиттерди эске салды.
Аймакта ырааттуулуктун маанисин баса белгилеген Өкмөт башчы: «Күрөшүү үчүн колдошуунун убагы»-деди.
Ахмет Давутоглу эки өлкөнүн соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүүнү максаттагандарын түшүндүрдү.
Пакистандын өкмөт башчысы Нафаз Шариф да: «Түркияга аймакка көрсөткөн алака жана таштаган кадамдарынан улам ыраазычылыгымды билдиргим келет»-деп айтты.
Эки өкмөт башчы андан соң Түркия-Пакистан Ишкердик формумуна катышты.
Давутоглу ал жерде Түркияда акыркы убактарда аткарылгандарды «бир ийгилик аңгемеси» катары аныктады.
«Түркияда саясий ырааттулук бар болсо, келечекти пландаган болсо, бул бир ийгилик аңгемеси»-деп айткан Давутоглу: «Алдыбызда шайлоо болсо да өкмөт программабызды окуганымда бүтүндөй 9 жылдык максаттардын өз жолунда баратканын көрүүдөбүз»-деп кошумчалады.
Сан менен түрк экономикасынын келип жеткен жерин түшүндүргөн өкмөт башчы, туризм көрсөткүчтөрүндөгү жогорулоого көңүл бурду.

Өкмөт башчы Давутоглу андан кийин Рефах эл аралык университети тарабынан өткөрүлгөн конференцияда катышуучуларга кайрылды. Давутоглунун, "Университетиңизде бир убакта сабак бергим келет"-деген сөздөрү кол чабуулар менен коштолду.

Пакистандын президенти тарабынан премьер-министр Ахмет Давутоглуна мамлекеттик орден тагылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар