Эрдоган Латын Америка сапарынан кайтты

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин күч тең салмагындагы ажырымды ар дайым сөз кылганын белгиледи.

218484
Эрдоган Латын Америка сапарынан кайтты

Президент Эрдоган Латын Америкасындагы жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтты.
Эрдоган жана аны коштогон делегацияны ташыган атайын «TUR» аттуу учак, Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортуна кечээ саат 22:10до конду.
Эрдоган Түркияга келгенден кийин Твиттердеги расмий эсебинен сапары тууралуу ой бөлүштү.
Президент Эрдоган анда Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин күч тең салмагындагы ажырымды ар дайым сөз кылганын белгиледи.
Президент Эрдоган: «Дүйнө 5тен чоң» деп айтып бул чындыкты бүткүл дүйнө менен бөлүшүүгө аракет кылып жатабыз. Социалдык жана экономикалык кризистерге бөгөт боло албай калган эл аралык системанын мыйзамдуулугу акыры барып талкууга салынмак. Дүйнөнүн жалгыз гана Батыштан турбаганын, Чыгышы, Түндүгү, Түштүгү менен көп борборлуу түзүлүшкө ээ болгонун, эми ар ким кабыл алышы керек»-деп айтты.
Президент Эрдоган башка бир твиитинде болсо «Эл аралык мекемелердин жоопкерчиликтерин орундатпоосунун чыгымын карапайым адамдар төлөп жатышат»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар