Мевлүт Чавушоглу Гватемалага барат

Министр Чавушоглу сапарынын алкагында гватемалалык кесиптеши менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

217942
Мевлүт Чавушоглу Гватемалага барат

Мексикага барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Борбордук Америка интеграция системасы жыйынына катышуу үчүн Гватемалага барат.
Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай Чавушоглу Гватемалада бүгүн өткөрүлө турган Түркия- SICA тышкы иштер министрлеринин биринчи форумуна катышат.
Министр Чавушоглу Белиз, Коста-Рика, Никарагуа, Гондурас, Сальвадор, Гватемала, Доминик Республикасы жана Панамадан турган SICAга Түркиянын байкоочу мүчө болуусуна байланыштуу келишимге кол коет.
Министр Чавушоглунун сапарынын алкагында гватемалалык кесиптеши Карлос Рауль Моралес Москосо менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү да күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар