Эрдоган Колумбияда

Эрдоган Bogota Externado университети жана Анкара университети тарабынан уюштурулган симпозиумда катышуучуларга кайрылат.

215148
Эрдоган Колумбияда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Латын Америка сапарынын алгачкы аялдамасы болгон Колумбияда.
Президент Эрдоган Куба жана Мексиканы камтыган Латын Америка турунун алгачкы аялдамасы болгон Колумбияда салтанаттуу азем менен тосулуп алынды.
Президент расмий программасынын алкагында эң оболу «Симон Боливар» үйүндөгү бюстка гүлчамбар коет.
Эрдоган андан соң Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос Кальдерон тарабынан расмий азем менен тосулат.
Өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин, биргелеше маалымат жыйын өткөрүлөт.
Колумбиянын президенти Кальдерон президент Эрдогандын урматына түшкү тамагын берет.
Эрдоган Bogota Externado университети жана Анкара университети тарабынан уюштурулган «1915-Осмон империясынын эң узун жылы» аттуу симпозиумда катышуучуларга кайрылат.
Президент Эрдоганды тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, азык-түлүк, талаа жана мал чарба министри Мехди Экер, маданият жана туризм министри Өмер Челик менен экономика министри Нихат Зейбекчи коштоп жүрүшөт.
Эрдоган Түркия-Колумбия Ишкердик форумуна катышкандан кийин андан кийинки аялдамасы Кубага өтөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар