Президент Р. Т. Эрдоган  Түштүк Америка сапарына чыгат

Президент Эрдоган сапарынын негизинде Куба жана Мексикада жолугушууларды өткөрөт

212510
Президент Р. Т. Эрдоган  Түштүк Америка сапарына чыгат


Түштүк Америка туру президент Эрдогандын 10 - февралда жасай турган Колумбия жолугушуулары менен башталат. Бул жолугушуулар 1995 - жылдан бери аймакка Түркиядан президенттик деңгээлде жасалган алгачкы сапар болот. Жолугушуулары учурунда Колумбия, Куба жана Мексика менен эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги темалардын кенен түрдө каралуусу жана ар башка тармактарда ар түрдүү келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө. Айрыкча бул өлкөлөрдө өткөрүлө турган иш кеңешинин жыйындары президент Эрдоганды коштогон ишкерлердин жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууларына, эки өлкөнүн бири бирине карата инвестиция жана соода проектилерине баа берүүлөрүнө, иштеп жаткан проектилерди өнүктүрүп, жогорку деңгээлге чыгарууларына мүмкүнчүлүк түзөт. Түркиянын аймак өлкөлөрү менен ар тармакта карым – катнаштарынын күчтөндүрүлүшүн максат кылган бул зыяраттардын алдыбыздагы процессте да ушул эле чечкиндүүлүк менен жана ылдамдык менен улантылары билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар