Туризм кирешелери
Түркиянын туризм кирешеси 6,2 пайыз өстү.
Түркиянын туризм кирешеси 2014-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 6,2 пайыз өсүп 34 миллиард 305 миллион 904 миң доллар болду.
Түркиянын статистика мекемеси төртүнчү чейректин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Туризм кирешеси өткөн жылдын акыркы чейреги октябрь, ноябрь жана декабрь айларында андан мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,3 пайыз өсүп 7 миллиард 667 миллион доллар болду.
Туристтердин саны ушул эле чейректе 2,1 пайыз өстү.
Туризм кирешесинин 81 пайызы чет элдик туристтерден, 19 пайызы болсо чет өлкөдө жашаган түрк жарандардан түштү.
Жылдык туризм кирешелери 6,2 пайыз өсүп 34 миллиард 305 миллион доллар болду.
Туризм каржылоолору болсо өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 0,9 азайды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.