Перинчек доосу сөз эркиндигине байланыштуу доо

Чавушоглу: «Перинчек доосу сөз эркиндигине байланыштуу доо»-деп айтты.

201510
Перинчек доосу сөз эркиндигине байланыштуу доо

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа адам укуктары сотунун чоң штабындагы «Перинчек доосунун» чындыгында жалган армян геноцидине байланыштуу эмес, сөз эркиндигине байланыштуу экендигин айтты.
Чавушоглу бул темада Европа адам укуктары сотунун кичи штабынан чыккан өкүмдүн абдан так болгонун эске салып, «Швейцария чыгарган чечимдер жана чыгарган мыйзамы, сөз эркиндиги менен Европа адам укуктары келишими жана Европа адам укутары сотунун уставдарына карама-каршы болууда»-деди.
Армениянын жана армян лоббисинин 2015-жылы үчүнчү өлкөлөр багытында аракеттерин арттырганын белгилеген Чавушоглу, өзгөчө иштин жеңилдигине карап, Түркиянын ушул убакка чейин жасаган сунуштарына карабастан, саясий жолдор менен жыйынтык алууга аракет кылган армян диаспорасы болгонун айтты.
Чавушоглу Түркиянын орток комиссия түзүү сунушун бергенин жана илимпоздордун бул ишти сунуштаганын баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар