Эрдоган: «Түркиянын Сомалиге кызматтары уланат»

Эрдоган салтанаттуу тосуп алуудан кийин түрк фирмасы салган аэропорттун жаңы терминалынын ачылышын жасады.

197107
Эрдоган: «Түркиянын Сомалиге кызматтары уланат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Африка сапарынын акыркы аялдамасы Сомалидеги жолугушууларын аяктады.
Эрдоган Могадишодогу аэрпортто Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд тарабынан салтанаттуу тосулуп алынды.
Эрдоган тосуп алуудан кийин түрк фирмасы салган аэропорттун жаңы терминалынын ачылышын жасады.
Президент Эрдоган Түркиянын салымдары менен салынган 200 орундуу Сомали-Түркия Билим берүү жана изилдөө ооруканасынын ачылышын да жасады.
Аны улай Эрдоган Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен жолугушуу өткөрдү жана Түркиянын Сомалиге жардамдары улана турганын айтты.
Сомалидеги жолугушуулары убагында президент Эрдоганга мамлекеттик орден ыйгарылды.
Президенттин Сомали сапары убагында деңиз, транспорт, өнөр жай, спорт жана саламаттык сактоо тармактарында Сомали менен инвестиция келишимдерине кол коюлду.
Жолугушуулары аяктаган соң президент Эрдоган кечээ түнү Анкарага кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар