Стамбул жана Лондон Биржаларынын ортосунда кызматташтык келишими

Давутоглу Стамбулдун тарыхый экономикалык күчү менен Лондондун заманбап түзүлүшүнүн биригиши менен Европа жана дүйнө экономикаларын да күчтөндүрөрүн баса белгиледи.

192622
Стамбул жана Лондон Биржаларынын ортосунда кызматташтык келишими

Премьер – министр Ахмет Давуоглу Лондон жана Давосту камтыган зыяратынын биринчи аялдамасы Лондондо. Жолугушууда саясат сыяктуу эле экономика да алдыңкы орунду алды. Премьер – министр Ахмет Давутоглу оболу инвестиция банкы болгон Merrill Lynchте эл аралык фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Түркиядагы финансы базарлары жана инвестиция чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө көңүлдөрдү бурган премьер – министр Давутоглу глобалдык базарлардагы акыркы абалдарга баа берди. Давутоглунун сапарында Стамбул жана Лондон Биржаларынын ортосунда келишимге кол коюлду. Кол коюу аземине катышкан Давутоглу Биржа Стамбул жана түрк экспортчулар биримдиги тарабынан Стамбул каржы борборунун демилгесинин кызматташтыгы менен уюштурулган «Стамбул : Аймактык Борбор, Глобалдык Актер Форумуна» кайрылды. Давутоглу : «Түркия көптөгөн орчундуу абалдар болгон аймакта жайгашкан. Бул чөйрөдө дициплиналуу экономика башкаруубуз менен ырааттуу өсүүнү улантуудабыз»,- деди. Премьер – министр Давутоглу 20 - кылымда осмондук үчүн колдонулган «оорулуу адам» деген сөздүн азыркы күндө Европа үчүн айтыла башталганына көңүлдөрдү бурду жана Түркия ишке ашырган реформалардан сөз кылды. Давутоглу Стамбулдун тарыхый экономикалык күчү менен Лондондун заманбап түзүлүшүнүн биригиши менен Европа жана дүйнө экономикаларын да күчтөндүрөрүн баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар