Түркия-Африка карым-катнаштары

Нажи Кору: «Африка менен тыгыз байланышуу саясатыбыз максатына жетти»

190253
Түркия-Африка карым-катнаштары


Табигый жаратылыш байлыктары, мол түшүмдүү жерлери жана 1 миллиардга жеткен калкынын саны менен Африка Түркиянын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.
Тышкы иштер министринин орун басары Нажи Кору: «Акыркы 10 жылдан бери чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп жаткан Африкага карата саясатыбыз максатына жетти»,-деди.
Элчилик саны 12ден 39га жогорулады.
Түрк аба жолдорунун Африкага каттамдарынын саны 40ка жетти.
Түркиянын Африка менен тыгыз байланышуу аракеттери 2005-жылы башталган жана андан бери маанилүү иш-чаралар аткарылды.
Ташталган кадамдар жана алдыбыздагы мезгилдин жол картасы Анкарада өткөрүлгөн «21-кылымда Түркия-Африка карым-катнаштары» конференциясында каралды.
Конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөгөн тышкы иштер министринин орун басары Нажи Кору Түркия-Африка өнөктөштүгү уланат»,- деп баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар