Түркия FEDдин ар түрдүү чечимдерине даяр

Али Бабажан «Анадолу» агенттигинин редакторлук тобунун суроолоруна жооп берди.

189150
Түркия FEDдин ар түрдүү чечимдерине даяр

Түркиянын вице-премьери Али Бабажан Американын Борбордук банкы FED чыгара турган ар түрдүү чечимге каршы даяр экендигин айтты.
Али Бабажан «Анадолу» агенттигинин редакторлук тобунун суроолоруна жооп берди.
FEDдин акча саясаты кеңешинин мүчөлөрүнүн темага байланыштуу ар башка чечимдерди чыгарганын эске салган Али Бабажан, пайыздын өсүүсүнүн 2015-жылдын экинчи жарымында болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Бабажан: «Биз божомол жасап ага жараша кыймыл кылуунун ордуна ар түрдүү сценарийди алдыбызга коюп, буларга жараша даярдык жасоодобуз»-деди.
Америка Кошмо Штаттары жана Европа Биримдигинин ортосундагы Трансатлантикалык соода жана инвестиция шериктештиги боюнча Бабажанга суроо узатылды. Ал, Түркиянын бул түзүлүштүн ичинде орун алышы керектигин айтты.
Бабажан: «Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагасы катары да мындай түрдөгү келишимдерди колдоого алабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар