Эфкан Ала: «Карикатуралардын жарыяланышы кылмыш болуп саналат»

Ички иштер министр Эфкан Ала күн тартиптеги темаларга сереп салды.

186413
Эфкан Ала: «Карикатуралардын жарыяланышы кылмыш болуп саналат»

Эфкан Ала: «Карикатуралардын жарыяланышы кылмыш болуп саналат»,-деди.
Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала бир менчик каналда күн тартиптеги темаларга сереп салды.
Ички иштер министр Франциядагы сатиралык журнал жарыялаган Азирети Мухаммедге таандык карикатуралар Түркиядагы айрым медиа органдарында жарыялана турган болсо бул кылмыш катары эсептеле турганын жана ар кимдин бул темаларда этият болуулары керектигин баса белгиледи.
«Бул жаңылыштык жана провакация. Ошондуктан өтө этият болуш керек. Акаарат биздин мыйзамдарыбызга ылайык кылмыш болуп саналат»,-деген Эфкан Ала бул темадагы мамилесинин террорго каршы болгон мамилеси сыяктуу ачык жана так экенин айтты.
Эфкан Ала: «Бул кылмыш болуп эсептелет жана буга уруксат бербейбиз. Буга мүмкүнчүлүк да берилбеши керек»,-деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар