Түркияда үй-бүлө жана калктын санын көбөйтүү программалары...

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Айшенур Ислам бул программаны ТРТга кеңири түшүндүрүп берди.

183818
Түркияда үй-бүлө жана калктын санын көбөйтүү программалары...

Үй-бүлө жана динамикалуу калк түзүлүшүнүн сакталышына карай саясаттар ишке ашууда.
Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу жарыялаган «Үй-бүлөнүн жана динамикалуу калк түзүлүшүнүн сакталышы программасын» үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Айшенур Ислам ТРТга кеңири түшүндүрүп берди.
Айшенур Ислам даярдалган пакет менен кыймылдуу иштөө модели алып келине турганын жана салык төмөндөтүү менен жеке менчик сектордун да шыктандырыла турганын айтты.
Үй-бүлө жана калктын саны программасында өзгөчө эненин турмушун жеңилдете турган жаңы түзөтүүлөр көңүлдү бурууда.
Пакеттин мазмунунда үй-бүлөгө таандык 66 кыймыл планы бар. Алардын эң алдыңкысы төрөттүн шыктандырылышы.
Айрыкча мэрияларга бала бакча ачуу мажбурдуулугу киргизилет.
Жеке менчик бала бакчалардын салыктары төмөндөйт. Буга ылайык 3 жаш курагына чейинки балдар үчүн 5 жыл салык төмөндөтүү ишке ашырылат.
Энелердин жарым күн иштөө пакети эң көп кызыгылган тема. Төрөлгөн ар бир бала үчүн материалдык колдоо көрсөтүлөт.
Айшенур Ислам алдыбыздагы аптада лицей билимин шыктандыра турган пакеттин жарыялана турганынын сүйүнчүсүн да берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар