Түркия террорго каршы экенин көрсөттү

Премьер-министр Давутоглу дүйнөлүк лидерлер менен бирге террордук кол салууларга дуушар болгон франция калкын колдоду.

181469
Түркия террорго каршы экенин көрсөттү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Франциянын борбор шаары Парижде "Республика жүрүшүнө" катышып, "Түркия террорго каршы сизди колдойт" деген белгини берди.

Өкмөт башчы Давутоглу Франциядагы террордук кол салуулардан кийин Ыспарта жана Анталья сапарларын жоюп Парижге аттанды.

Өкмөт башчы сапарына французча "Француз калкы менен бирге терроризмге каршы колдошуу үчүн Париждемин" деп жазган твиити менен баштады.

Францияда алгачкы аялдамасы Элисей сарайы болду.

Сарайдын алдында Франциянын президенти Франсуа Олланд тарабынан тосулган Давутоглу, жолугушууларынан кийин башка лидерлер менен бирге жүрүш аянтына өттү.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Олланд менен бирге Германиянын канцлери, Англия, Италиянын премьер-министрлери, Иордания королу Абдуллах,Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен алдыңкы катарда басты...

Давутоглу жүрүштөн кийин: "Бул жердеги көрсөтүлгөн көрүнүш Европа материги жагынан да биримдик картинасы, исламофобик ыкмадагы кол салууларга каршы бүтүндөй Европадан да ушундай сезимталдыкты күтүү укугубуз"-деди.

Мусулман өлкө болгон Түркиянын Европага интеграциясынын бир топ маселенин чечилишин жеңилдете турганын баса белгилеген Давутоглу: "Эгерде Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө тоскоолдук кылынбай жана 2004-жылы Кипр референдумунан кийин ылдам түрдө ЕБне интеграция болгондо бул маданий чыңалуулар мынчалык болмок эмес"-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар