Палестинанын мамлекет башчысы Түркияга келди
Жолугушуулардан кийин президент Эрдоган Махмуд Аббастын урматына кечки сый тамагын берет.
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга келди.
Махмуд Аббастын сапары эки күнгө созулат.
Аббас президент Эрдоган тарабынан Президенттик сарайда салтанаттуу түрдө тосулуп алынды.
Сапардын алкагында Чыгыш Иерусалимдеги чыңалуу, Газадагы акыркы кырдаал, Хамас менен Аль-Фатих уюмдары макулдашкандан кийинки жагдайлар жана Түркиянын Палестина калкына жардамдары каралат.
2014-жылдын ортосунда Израилдин кол салуусунан 2 миң киши каза болгон Газада, абадан бомбалоодон жабыр тарткан базистик системаларынын кайрадан курулуусу үчүн Түркиянын колдоосу сапардын дагы бир маанилүү күн тартип беренеси.
Түркия ушул алкакта 2015-жылы Палестинага карата өнүктүрүү жана базистик колдоосун арттыруу чечимин чыгарып, Газанын кайрадан курулуусу үчүн 200 миллион доллардык бюджет бөлгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.