Улудагда кардын калыңдыгы 3 метрге жакындады

Улудагда абанын температурасы күндүз -13 градус, түнкүсүн -14 градус болуп жатат.

176084
Улудагда кардын калыңдыгы 3 метрге жакындады

Лыжа жана кышкы туризмдин маанилүү борборлорунан Улудагда кардын калыңдыгы 3 метрге жакындады.
Абанын температурасы күндүз -13 градус, түнкүсүн -14 градус болуп жаткан Улудагда кардын калыңдыгы акыркы кардан кийин 260 сантиметрге жетти.
Бул учурда Бурсада да кар жаап жатат.
Абанын температурасы түнкүсүн эң төмөн -2 градус, күндүз 1 градус болгон шаардын борборунда кардын калыңдыгы 4, бийик жерлерде болсо 6 сантиметрге жеткени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар