Жылдын акыркы Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү

Улуттук Коопсуздук Кеңешинде исламдын, ислам дининин ыйык жерлерине карата кол салуулар жана адам укуктарын бузуу да катуу айыпталды

166590
Жылдын акыркы Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү

Президенттик сарайында өткөрүлгөн жыйында ички жана тышкы маселелер каралды. Ушуга караганда параллель түзүлүш жана мыйзамсыз түзүлүштөргө каршы күрөштө чечкиндүүлүк баса белгиленди. Террордун соңуна чыгарылуусу жана чечүүчү жол процессинде келинген баскыч да күн тартибинде болду. Жыйында Жакынкы Чыгышта болгон абалдар да каралды.
Сирияда улантылып жаткан келишпестик жана кагылышуу чөйрөсүнүн Түркия жана аймактын коопсуздук жана ырааттуулугуна карата коркутуулар, оппозициячылдардын абалы, мекенинен кеткен кишилерге Түркиянын гуманитардык жардамдары, эл аралык абалдар менен бирге кенен түрдө каралды.
Сирия жана Иракта ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүү, Түркиянын бул күрөштөгү орду жана салымы, Ирактагы саясий процесс жана эки тараптуу карым – катнаштардагы абалдар каралды. Жыйында Европада көчмөндөргө жана мусулмандарга карата улутчулдук жана исламга каршы кыймылдар да санааркатуучу абалдар катары күн тартибине келди. Улуттук Коопсуздук Кеңешинде исламдын, ислам дининин ыйык жерлерине карата кол салуулар жана адам укуктарын бузуу да катуу айыпталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар