Түркияда Улуттук коопсуздук кеңешинин акыркы жыйыны өтүп жатат

Жыйында 2014-жылдагы ички жана тышкы маселелер каралууда.

164932
Түркияда Улуттук коопсуздук кеңешинин акыркы жыйыны өтүп жатат


Улуттук коопсуздук кеңешинин 2014-жылга карата акыркы жыйыны президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Анкарада өтүп жатат.
Жыйында 2014-жылдагы ички жана тышкы маселелер каралууда.
Террорду соңуна чыгаруу үчүн жүргүзүлүп жаткан чечим табуу процессинде бир жылдын ичинде аткарылган иш-чаралар жана жасалуусу керек болгондордун алдыңкы планга чыгышы күтүлүүдө.
Кеңеш жыйында параллель түзүлүш менен күрөшүүгө да токтолот.
Тышкы маселелердин алкагында Сирия жана Ирактагы акыркы кырдаал менен ИШИМге каршы күрөшүү жыйындын күн тартибинде орун алган башка темалар болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар