Түркиянын максаты согуштук учак өндүрүү

2023-жылдын максатынын алкагында куралдуу күчтөрдүн негизги муктаждыктарынын толугунун өлкө ичинде өндүрүлүшү максатталууда.

149078
Түркиянын максаты согуштук учак өндүрүү

Коргоо өнөр жайы тармагында маанилүү проекттер аткарылган Түркияда, 2023-жылдын максатынын алкагында куралдуу күчтөрдүн негизги муктаждыктарынын толугунун өлкө ичинде өндүрүлүшү максатталууда.
Ушул алкакта өз улуттук танкасын, кемесин, тик учагын, билим берүү учагын, ракетасын жана жөө аскер мылтыгы сыяктуу негизги куралдарын ийгиликтүү өндүрө алган Түркияда жаңы максат «согуштук учак» болуп саналат.
Улуттук коргоо министри Исмет Ылмаз кечээ "Анадолу" агенттигинин кабарчысына берген маалыматында, коргоо өнөр жайынын инвестицияларына чоң маани бергендерин баса белгилеп, ушул аркылуу түрк армиясынын дагы көп күчтөнө туганын айтты.
Түрк армиясынын ушул убакта дүйнөнүн эң ири 10 армиясынын арасында орун алганына көңүл бурган Йылмаз: «Учурда куралдуу күчтөрүбүздүн муктаждыктарынын 55 пайызын камсыздоодобуз. 2023-жылга келгенде курлдуу күчтөрүбүздүн негизги муктаждыктарынын толугун камтууну максаттап жатабыз»-деп айтты.
Йылмаз кургактыкта, деңизде жана абада өз унааларын колдонгон бир армияны максаттагандарын, ушул алкакта согуштук учакка муктаждык болгонун белгилеп: «Эгерде коргоо өнөр жайыбыз жок болсо толук көз карандысыздыктан сөз кылуубуз мүмкүн болбойт. Биз да ушул максат менен өнөр жай инвестицияларын улантуудабыз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар