Бозкыр Түндүк Кипрге барат

Жолугушууларда Кипр маселеси, эки тараптуу карым-катнаштар жана Европа Биримдигине мүчөлүк процесси каралат.

211566
Бозкыр Түндүк Кипрге барат


Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр жолугушууларды өткөрүү үчүн эртең Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат.
Волкан Бозкыр Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу, парламенттин төрагасы Сибел Сибер жана премьер-министр Өзкан Языжыоглу менен жолугушат.
Бозкыр тышкы иштер министри Өздил Нами менен катар Кипр түрк өнөр жай палатасы жана Кипр түрк соода палатасынын өкүлдөрү менен да кезигет.
Бозкырдын сапарында Кипр маселеси, эки тараптуу карым-катнаштар жана Европа Биримдигине мүчөлүк процесси боюнча пикир алмашылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар