Трабзондо Румыния консулдугу ачылды

Румыниянын Трабзон консулдугу Мустафа Беязлы тарабынан жүргүзүлөт

201479
Трабзондо Румыния консулдугу ачылды

Консулдуктун эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштарды дагы да ылдамдатуусу күтүлүүдө. Румыния консулдугу уюштурулган азем менен кызматка кирди. Румыниянын Анкарадагы элчиси Раду Онефери консулдуктун Түркия менен өлкөсүнүн арасындагы карым – катнаштарды дагы да күчтөндүрөрүн баса белгиледи. Трабзон губернатору Абдил Желил Өз да консулдуктун Кара деңиз аймагынын Румыния менен социалдык, маданий жана соода карым – катнаштарынын өнүгүүсүнө абдан чоң салымын кошорун белгиледи. Румыниянын Трабзон консулдугу Мустафа Беязлы тарабынан жүргүзүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар