Президент Эрдоган Африкага сапар жасайт

Эрдоган Африкада Алжир жана Экваториалдык Гвинея Республикасына барат.

194541
Президент Эрдоган Африкага сапар жасайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган министрлер жана ишкерлерден турган калың топ менен Алжир жана Экваториалдык Гвинеяга барат.
Президент Эрдогандын биринчи аялдамасы Алжир болот.
Эртең боло турган сапарда Эрдоган Алжирдин президенти Абдүлазиз Бутефлика менен жолугат жана премьер-министр Абдүлмалик Селлалды кабыл алат.
Сапар убагында аткарыла турган эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларда карым-катнаштардын бардык жагы менен каралышы айрыкча аймактык темаларда пикир алмашуусу көздөлүүдө.
Президент Эрдоган андан соң Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинин экинчисине катышуу үчүн Экваториалдык Гвинея Республикасына аттанат.
Африка Биримдиги Комиссиясы менен кызматташып уюштурулган саммитке көп сандаган өлкөдөн президент же өкмөт башчысы деңгээлинде катышуу күтүлүүдө.
Эрдогандын сапары убагында Экваториалдык Гвинеянын президенти баштаган саммитке катышкан башка өлкөлөрдүн президенттери жана өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушуууларды өткөрүшү пландалууда.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар