Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда келишим

Келишимге Бүлент Арныч менен Өзкан Йорганжыоглу кол коюшту

191123
Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда келишим

Түркия менен Түндүк Кипрт Түрк Республикасынын ортосунда «фонд чыгармаларынын рестоврациялануусуна» байланыштуу токтомдук келишимине Лефкошада кол коюлду. Келишимге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 31 жылдыгы үчүн өткөрүлгөн аземге катышуу үчүн аралга барган вице – премьер Бүлент Арынч менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер – министри Өзкан Йорганжыоглу кол койду. Премьер – министр Өзкан Йорганжыоглу токтом боюнча Түркия республикасынын фонддор боюнча башкы директорлугунун Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы фонд байлыктарын рестоврациялоо иштерине булак бөлөрүн айтып, рестоврация процессине байланыштуу иш алып бара турган бир группанын түзүлөрүн белгиледи. Бүлент Арынч да фонддордун Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп : «Түндүк Кипр Түрк Республикасы биздин бир бөлүгүбүз. Бул жерде да фонд чыгармаларын рестоврациялап, бутуна тургузгубуз келет»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар