Президент Эрдогандан Сибсиге куттуктоо
Ел Сибси Тунис – Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардын алдыбыздагы процессте дагы да күчтөнөрүнө толугу менен ишенгенин баса белгиледи
191302
Президент Р. Т. Эрдоган Тунисте болгон шайлоодо жеңишке жетишкен Нида Тунис партиясынын лидери Бажи Каид Ел Сибсиге телефон чалып куттуктады. Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда Эрдоган акыркы шайлоонун Тунисте демократиянын тамыр жайып баратышынын көрсөткүчү экенин белгиледи. Ел Сибси да президент Эрдоганга ыраазычылыгын билдирип, Тунис – Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардын алдыбыздагы процессте дагы да күчтөнөрүнө толугу менен ишенгенин баса белгиледи.