Тышкы иштер министрлиги Даниядан билдирүү жасоосун суранды

Берилген маалыматта Данияда соттолгон жана салык чогултуп террордук уюмга финансылык жардам берген 10 кишинин күнөөсүз деп актагыны белгиленди

176886
Тышкы иштер министрлиги Даниядан билдирүү жасоосун суранды

Тышкы иштер министрлиги уюмга финансылык жардам берген жикчил террордук уюмдун мүчөлөрүн актаган Даниядан билдирүү жасоосун суранды. Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Данияда соттолгон жана салык чогултуп террордук уюмга финансылык жардам берген 10 кишинин күнөөсүз деп актагыны белгиленди. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бул сөздөргө орун берилди: «Берилген добуштардын натыйжасында кылмышкерлердин баарынын ПККга финансылык жардам бергенин далилдей турган жетерлик далилдин табылбаганы жарыяланып, кылмышкерлер тууралуу эркин коё берүү чечиминин чыгарылганы билдирилди».
Терроризмдин финансылоочусу менен күрөшүүнүн ар бир өлкө үчүн болгондой эле Дания үчүн да эл аралык бир милдет экени эске салынган билдирүүдө : «Сөзү болгон доо процесси да болуу менен ПКК террордук уюмунун финансы булактары менен күрөшүүдө көрүлгөн чаралар тууралуу тийиштүү мекемелерибиз Дания мекемелеринен маалымат талап кылууда»,- деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар