Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

Жыйындын эң негизги күн тартип беренелеринин бирөөсү мамлекет ичинде бирок мамлекеттин эрежелерине ылайык кыймыл кылбаган киши топтору деп аталган – параллель структура менен күрөшүү

175351
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

Режеп Тайип Эрдогандын «президент» сыпаты менен биринчи Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынына Ахмет Давутоглу да «премьер – министр» сыпаты менен биринчи жолу катышууда. Чанкая сарайындагы жыйынга вице – премьерлер Нуман Куртулмуш жана Ялчын Акдоган менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да биринчи жолу катышты.
Жыйындын эң негизги күн тартип беренелеринин бирөөсү мамлекет ичинде бирок мамлекеттин эрежелерине ылайык кыймыл кылбаган киши топтору деп аталган – параллель структура менен күрөшүү. Ушуга караганда «кызыл китеп» деп аталган Улуттук Коопсуздук Саясаты документинин актуалдашуусу күтүлүүдө. Актуалдашуунун натыйжасында параллель структуранын улуттук коопсуздугун коркуткан элементтердин арасына алынары билдирилди. Улуттук Коопсуздук Кеңешинде айрыкча Түркия – Ирак, Сирия чек арасындагы абалдар да каралууда. ИШИМ коркутуусуна карата жол картасынын да каралуусу күтүлгөн башка бир тема. Ички коопсуздук рефоромасы жана чечүүчү жол процесси тууралуу абалдар да жыйында каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар