Министрлер кеңеши абалды талкуулады

Министрлер кеңешинен Инжирлик базасына байланыштуу жаңы абал жок экендиги билдирилди.

156142
Министрлер кеңеши абалды талкуулады

Министрлер кеңеши премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде кечээ чогулду.
Вице-премьер Бүлент Арынч жыйналыштан кийинки маалымат жыйынында Кобани провакациялары талкууланганын жана алардын террордук кыймыл катары мүнөздөлгөнүн билдирди.
Арынч акыркы окуялардын себебинен Европа Биримдиги өлкөлөрүн да үлгү алып жаңы коопсуздук реформасынын негизин түптөй тургандарын жарыялады.
Бүлент Арынч Кобани провакацияларында зыян тарткан соодагерлердин чыгымдары төлөнө турганын айтты.
Арынч ИШИМге каршы согушкан коалициялык күчтөр таштай турган орток кадамдар тууралуу да террор менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлгөн кызматташтыктан тышкары Инжирлик базасына байланыштуу жаңы абал жок экендигин белгиледи.
Ушул баскычта жалгыз эле машыктыр-жабды пргограммасы үчүн Түркия тарабынан сунушталган айрым тезистер сөз болуп жатканын, мында да чечим чыгаруу баскычына жетиле электигин белгилеген Арынч: «Түркия мунун жалгыз гана окутуу бөлүмүндө болушу мүмкүн, ушул убакка дейре болгону сыяктуу курал жана шайман бөлүмүндө орун албайт»-деп айтты.
Бүлент Арынч Сириядагы жумшак оппозициячылдардын машыктырылышы темасында жетилген макулдашуу үчүн болсо, «Түркиянын акылуулугу ортого чыкты»,-деди.
Вице-премьер Бүлент Арынч Месут Барзанинин басма сөзгө чагылышкан, «ИШИМ кол салууларына каршы өздөрүнө Түркиянын колдоо көрсөткөнүн, бирок муну коньюктуранын талабы боюнча жарыялабаганына байланыштуу ачыктоосуна да баа берди.
Барзанинин жарыясынын оң жарыя болгонун белгилеген Арынч, Түркиянын улуттук кызыкчылыгын эң алдыңкы планда кармоо мажбурдуулугу болгонун баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар