Давутоглу маанилүү маалыматтарды берди

Давутоглу Сирияда чечим табылышы үчүн үч башка альтернатива бар экендигин белгиледи.

154425
Давутоглу маанилүү маалыматтарды берди

Премьер-министр Ахмет Давутоглу: «Сирия калкын ИШИМ жана режимден коргой турган коопсуздук күчүнө муктаждык бар»,-деди.
Давутоглу Малатиядан Анкарага кайтып бара жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип, маанилүү маалыматтарды берди.
Сирияда чечим табуу жана ИШИМ менен күрөшүү үчүн 3 альтернативаны сөз кылган өкмөт башчы, аларды; кургактык күчүн ичине камтыган эл аралык коомчулуктун бирге кыймыл кылуусу, аба күчү менен бомбалоо жана аба күчүнөн камсыздала турган колдоо менен башка бир күчтүн эгемендигин куруусу катары тизмеледи.
Эч кандай чет өлкөлүк согушкерди камтыбаган жана режимди жактабаган сириялыктардан турган «Үчүнчү күч» альтернативасын алдыга чыгарган Давутоглу, ансыз деле Сириянын улуттук коалициясы жана оппозициясынын бул өзгөчөлүккө ээ болгонун айтты.
Премьер-министр Давутоглу Түркиянын интеграциялуу стратегиянын ичине кирген учурунда ар түрдүү салымды кошо турганын белгилеп өттү.
Түркиянын өзү жалгыз Сириянын ичиндеги кагылышууга кирбей турганын кайталаган Ахмет Давутоглу, улуттук коопсуздукка карай коркунучка каршы ар түрдүү чара көрүлө турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар