Эрдоган мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушту

Эрдоган Нью-Йоркто эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

136932
Эрдоган мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушту



Президент Режеп Таййип Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн барган Нью-Йоркто кечээ мамлекет жана өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Алгач Италиянын премьер-министри Маттео Рензи менен жолуккан Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине Италиянын көрсөткөн колдоосунан улам ырахмат айтты. Рензи да Түркиянын толук мүчөлүгү Европа Биримдигин дагы да күчтөндүрө турганын баса белгиледи.
Ирак, Сирия жана Ливиядагы акыркы кырдаал да каралган жолугушууда, Италия менен Түркиянын ортосундагы коргоо өнөр жай тармагында кызматташтык талкууланды.
Президент Эрдоган Ирандын президенти Хасан Рухани менен да жолукту.
Эки лидер аймактык маселелер боюнча чогуу иш-чараларды жүргүзүү темасында макулдашышкан жолугушууда Эрдоган Түркиянын БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкердигине колдоо көрсөткөнүнөн улам Иранга ырахмат айтты. Рухани да Эрдоганды Тегеранга чакырды.
Президент Эрдоган ошондой эле Ирактын президенти Фуат Масум, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Словениянын президенти Борут Пахор, Румыниянын премьер-министри Виктор Понта, Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили жана Гренаданын премьер-министри Кит Митчелл менен да жолугушту.

Түрк президент Нью-Йоркто БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча саммитине катышып, Түркия климаттык өзгөрүүлөр темасында таштала турган ар бир кадамда өз милдетин аткарууга даяр экенин билдирди.
Эрдоган бардык өлкөлөрдүн экология кыймылында адилеттүү мамиле кылуулары керектигин баса белгиледи.
Тез арада керектүү чаралардын көрүлүшү керектигин баса белгилеген президент Эрдоган Түркия улуттук кыймыл планын ушуга жараша даярдаганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар