Давутоглу Түндүк Кипрге барды

Министр Давутоглу президент Дервиш Эроглу, парламенттин төрайымы Сибел Сибер жана премьер-министр Өзкан Йорганжыоглу менен жолугушат.

127014
Давутоглу Түндүк Кипрге барды

Премьер-министр Ахмет Давутоглу чет өлкөгө алгачкы расмий сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасоодо. 
Премьер-министрликтин басма сөз борбору маалымдагандай Давутоглу аны коштогон делегация менен бүгүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды.
Министр Давутоглу президент Дервиш Эроглу, парламент төрайымы Сибел Сибер жана премьер-министр Өзкан Йорганжыоглу менен жолугушат.
Жолугушууларда Кипр темасында акыркы абал жана Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы жакын карым-катнаштарды дагы да бекемдөө темалары каралат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар