Жиддада «террор менен күрөшүү боюнча жыйын»

Мевлүт Чавушоглу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын бул тууралуу көз караштарын билдирди

123428
 Жиддада «террор менен күрөшүү боюнча жыйын»


ИШИМ террордук уюму менен күрөшүүнүн негизинде Сауд Арабстандын Жидда шаарында өткөрүлгөн жана АКШ, Түркия, Египет, Иордания жана булуң өлкөлөрү катышкан саммит аяктады. Саммитте чыгарылган чечимдер орун алган жыйынтык билдирүүсүнө Түркия кол койгон жок. Саммиттин жыйынтык билдирүүсүндө : «Катышуучу өлкөлөр ылайык көрсө ИШИМге каршы аскердик кыймылга ар башка багыты менен катышуу тууралуу келишти»,- деген сөздөргө орун берилди. Жыйынтык билдирүүсүндө Ирак – Шам Ислам Мамлекети террордук уюмунун аймак жана дүйнө үчүн коркунуч экени баса белгиленди.
«Катышуучу өлкөлөр ИШИМдин Ирак, Сирия жана дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун жок кылынуусу тууралуу бирдей пикирге барышты»,- деп айтылды. Ушундайча ИШИМ менен күрөшүүнүн Сирия территорияларын да камтый турганы боюнча белги берилди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да жыйында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын бул тууралуу көз караштарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар