Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жаңы жетекчиси-Ахмет Давутоглу

Ахмет Давутоглу 1382 добуш менен АК партиянын экинчи жетекчиси болуп шайланды.

106582
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жаңы жетекчиси-Ахмет Давутоглу

13 жыл мурда курулган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын экинчи жетекчиси тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу...
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анкарадагы Арена спорт залында өткөрүлгөн жана жалгыз күн тартип менен чогулган 1-кезексиз чоң курултайында жетекчилик үчүн шайлоо өткөрүлдү.
Жык-жыйма толгон Арена спорт залына Ахмет Давутоглу менен партиянын алгачкы жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган кол чабуулардын коштоосунда киришти.
Эрдоган партияга акыркы жолу жетекчи сыпаты менен кайрылды.
«Бүгүн жаңы бир күн. Бүгүн Түркия өзүнө кайткан бир күн. Бүгүн Түркиянын эркиндигинин ар дайым болгондон дагы ачык болгон бир күн»,-деп айткан Эрдоган: «Бардык меселеге саясат аркылуу чечим табылат. Ар бир маселенин чечиле турган жери Түркия Улуу Улуттук Парламенти. Эми булардан тышкары жол, ыкма Түркия үчүн сөз болбойт. Учурда саясат жолун тапкан абалда»,-деп кошумчалады.
Ахмет Давутоглу 1245 делегаттын кол коюусу менен жетекчиликке талапкер көрсөтүлдү.
Биринчи колду партия жетекчиси Эрдоган койду.
Шайлоонун алдында Давутоглу делегаттарга кайрылды.
Давутоглу: «Бул бир коштошуу курултайы эмес, урматтуу Режеп Таййип Эрдоганга ишеним курултайы»,-деди.
Давутоглунун сөз сүйлөөсүнөн кийин шайлоонун жыйынтыктары жарыяланды.
Жана Ахмет Давутоглу 1382 добуш менен АК партиянын экинчи жетекчиси болуп шайланды.
Партиядагыларга алгач ирет жетекчи сыпаты менен кайрылып, ырахматын айтты жана 2015-жылы конституцияны өзгөртө тургандай көпчүлүк менен парламентке кирүүнү максаттагандарын билдирди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар