Премьер-министрликке Давутоглу талапкер көрсөтүлдү

Премьер-министр Эрдоган АК партиянын жетекчилигине талапкердин тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу боло турганын жарыялады.

99028
Премьер-министрликке Давутоглу талапкер көрсөтүлдү

Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган премьер-министрликке талапкер катары Ахмет Даутоглун көрсөттү.
Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган: «Кабинеттин Давутоглунун жетекчилигинде ошондой эле чечкиндүүлүк менен улана турганына ишенүүдөмүн. Параллель түзүлүш менен күрөшүүдө жана чечим табуу процессинде президент катары жеке өзүм урматтуу Давутоглун колдоймун, буга эч ким шек санабасын»,-деди.
Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган: «АК партия чоң үй-бүлө болуп саналат. Ушул убакта Түркияда мүчө саны 9 миллиондон ашкан эң алдыңкы партия. Президенттик шайлоодо, президенттикке колдоо көрсөтүүдө, мүчө болуу сезимин ортого салган 1 миллион 600 миңден ашуун киши болду»,-деди.
Давутоглунун тышкы саясаттагы абийирди алдыңкы планга чыгаруунун күрөшүн жүргүзгөнүн баса белгилеген Эрдоган: «АК партиянын ысымдар аркылуу эмес, алдыга койгон идея аркылуу илгерилеген партия экендигин ар кимге далилдейбиз»,-деп айтты.
Эрдоган: «Ахмет Давутоглу тууганыбыздын бул кызматка талапкер болуусунда параллель түзүлүш менен күрөшүүдөгү аракети жана чечкиндүүлүгү маанилүү таасир болду»,-деп айтты.
Конгресс тууралуу бардык даярдыктар, милдет бөлүшүүлөрдүн аяктаганын баса белгилеген Эрдоган: «27-август бирримдигибизди, ынтымагыбызды Анкарада конгресс менен бирге белгилеп жана тастыктайбыз»,-деп кошумчалады.
Эрдоган,Ахмет Давутоглу жана чогуу иштешкен жолдошторуна бул процессте ийгилик каалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар