Чет өлкөдөгү добуштарды саноо иштери уланып жатат

Расмий эмес жыйынтыктарга ылайык үкөктөрдүн 25,10 пайызы ачылды.

86262
 Чет өлкөдөгү добуштарды саноо иштери уланып жатат


Чет өлкөдөгү добуштарды саноо иштери уланууда.
Президенттик шайлоо үчүн чет өлкөдө берилген добуштарды саноо иштери Анкара Соода палатасындагы Конгресиумда саат 17:00де башталды.
Чет өлкөдөгү 2 миллион 783 миң 660 шайлоочу үчүн 54 өлкөдө жана 103 өкүлчүлүктө ачылган үкөктөрдө берилген орто эсеп менен 232 миң добуш, 1 миң 378 шайлоо участкасында чогулду.
Анкара Соода палатасындагы Конгресиумда өлкөлөргө жараша тизмеленген үкөктөргө карасак, эң көп үкөктүн Германиянын Мюнхен жана Ганновер шаарларынан келгени көрүнүүдө.
Ар бир үкөктү 5 киши санай турган конгресс борборунда 7 миңге жакын кызматкер иштеп жатат.
Расмий эмес жыйынтыктарга ылайык үкөктөрдүн 25,10 пайызы ачылды.
Буга караганда Режеп Таййип Эрдоган 64,33 пайыз, Экмеледдин Ихсаноглу 27,92 пайыз, Селахаттин Демирташ 7,7 пайыздык добуш алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар