Жаралуулар Стамбул жана Анкарада дарыланат

Эрдоган палестиналык жаралууларды «Көпчүлүгү Стамбулда болуу менен Анкара сыяктуу шаарлардагы ооруканаларыбызда дарылай баштайбыз»,- деди.

84542
Жаралуулар Стамбул жана Анкарада дарыланат

Премьер – министр Р. Т. Эрдоган палестиналык жаралуулардын Түркияда дарылануусуна байланыштуу : «Көпчүлүгү Стамбулда болуу менен Анкара сыяктуу шаарлардагы ооруканаларыбызда дарылай баштайбыз»,- деди. Премьер – министр Эрдоган менчик бир телекөрсөтүү каналына берген маалыматында Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен өткөргөн сүйлөшүүдө жаралууларды Египет же Израилден Түркияга алып келип дарылай алышарын айтканын билдирди.
«Чыныгы психологиялык жардам болсун, керек болсо операция болсун баарын аткара алабыз, саны биз үчүн маанилүү эмес дедик»,- деген Эрдоган жаралуулардын Египеттен же Израилден алып келинерин сүйлөшкөндөрүн айтты. Эрдоган : «Сүйлөшүүдөн жыйынтык чыккан учурда жаралууларды ылдам түрдө Түркияга алып келе баштайбыз жана көпчүлүгү Стамбул болуу менен Анкара сыяктуу шаарлардагы ооруканаларыбызда дарыланат»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар