Премьер - министр Эрдоган 7 - соода жана өнөр жай кеңешине катыш

Эрдоган президент болуп шайлана турган болсо Түркиянын экономикалык саясаттарында өзгөрүүнүн болбой турганын айтты

84046
Премьер - министр Эрдоган 7 - соода жана өнөр жай кеңешине катыш

Премьер – министр Р. Т. Эрдоган : «Президент болуп шайланса Түркиянын багытында өзгөрүүлөрдүн болбой турганын»,- айтты. Эрдоган Түркия кабинеттер жана биржалар биримдигинде өткөрүлгөн 7 – соода жана өнөр жай кеңешинде 80 облустун өкүлдөрү менен жолугушту.
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Президент болуп шайлана турган болсом Түркиянын багытында, Түркиянын өнүгүүсүндө эч бир өзгөрүү болбойт. Шайланган президент менен шайланган өкмөт бирге Түркияны дагы жакшы абалга алып келет. Мындан эч ким шектенбесин жана тынчсызданбасын»,- деди. Премьер – министр Эрдоган экономикалык ырааттуулуктун сакталуусу, чечүүчү жол процесси башта болуу менен бардык алдыңкылыктарынын улантыларын баса белгиледи. Президент болуп шайлана турган болсо Түркиянын экономикалык саясаттарында өзгөрүүнүн болбой турганын белгилеген премьер – министр Эрдоган : «Эки күндөн кийин шайлоо болот, экономикада кыйынчылык жок. Себеби базарлар бизге, саясатыбызга, күчтүү экономикага ишенет»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар