Президент Гүлдүн коштошуу сапарлары уланууда

Абдуллах Гүлдүн кызмат мөөнөтү 28-августта аяктайт.

81339
Президент Гүлдүн коштошуу сапарлары уланууда

Кызмат мөөнөтү 28-августта аяктай турган президент Абдуллах Гүл коштошуу сапарларын кечээ да улантып, жогорку сот органдарынын жетекчилери менен жолугушту.
Гүл алгач Конституциялык сотко барды. Конституциялык соттун төрагасы Хашим Кылыч тарабынан каалгада тосулуп алынган президент Гүлдүн жолугушуусу 50 мүнөткө созулду.
Андан кийин Кассациялык сотко өтүп төрага Али Алкан менен кезиккен президент Гүл, Мамлекеттик кеңештин төрагасы Зеррин Гүнгөр менен да жолугушту.
Абдуллах Гүл кечээ кечинде болсо Жогорку Аскердик Кеңештин мүчөлөрү менен Чанкая сарайында жолугушту.
Президент Гүлдүн генштабдын төрагасы армия генералы Неждет Өзел менен эртең жолугушуусу пландалууда.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинде фракциясы бар саясий партиялардын жетекчилери менен да өз-өзүнчө жолугуша турган Гүл, 12-19-август күндөрүнүн арасында Чанкая сарайында коштошуу иретинде эки жолу рецепсия өткөрөт.
Гүл биринчи рецепсияда мамлекеттик жетекчилерди, экинчи рецепсияда болсо чеберлер, жазуучулар, журналисттер, жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлерди тосуп алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар