Чет өлкөдө добуш берүү процесси аяктады

Көптөгөн өлкөдө президенттик шайлоо үчүн добуш берилди.

78979
Чет өлкөдө добуш берүү процесси аяктады

Түркияда өткөрүлө турган президенттик шайлоо үчүн чет өлкөдө добуш берүү процесси кечээ аяктады.
Акыркы добуш берүү күнүндө түрк жарандары көптөгөн өлкөдө ачылган шайлоо участкаларында өз добуштарын беришти.
Түрктөр жыш жашаган Германияда шайлоочулар добуш берүү процессинин акыркы күнүндө шайлоо участкаларына барышты.
Добуш берүү процесси жайкы эс алууга туш келгендиктен шайлоого катышуу өтө төмөн болду.
Добуш берүү процессинен кийин конверттер мүшөктөргө толтурулуп мөөр басылган соң Түркияга жөнөтүлдү. Бул добуштар Түркияда саналат.
Иорданияда жашаган түрк жарандары да өз добуштарын беришти. 1 миң 660 шайлоочу бар өлкөдө катышуу төмөн болду.
Өзбекстандагы түрк жарандары да борбор шаар Ташкентте түрк элчилигинде добуш беришти. Бирок добуштарын бере албагандар да бар. Алар 10-августка чейин бажы капкаларында өз добуштарын бере алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар