Түркия Кытайга чакырык салды

Кытайдын Шыңжаң Уйгур автономдук районунда 28-июлда болгон окуяларда көп сандаган уйгур каза болгон.

77787
Түркия Кытайга чакырык салды

Түркия, Шыңжаң Уйгур автономдук районундагы окуяларга байланыштуу Кытай башкаруучулугун ачык териштирүү жасоого жана окуялардын себебин олуттуу түрдө изилдеп жооптууларын ортого чыгарууга чакырды.
Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жарыясында,Кытайдын Шыңжаң Уйгур автономдук районунда 28-июлда болгон окуяларда «көп сандаган жан кыйуулардын жана жаралуулардын болушу катуу капага салганы» белгиленди.
Аймактан ар башка маалымат булактарынан келген маалыматтарга караганда каза болгондор жана жаралуулар туурасында ар башка сандар айтылгандыгы , ал эми каза болгондордун көпчүлүгүнүн уйгур экендигине көңүл бурулган жарыяда, «Уйгур тектүү жарандарыбыз аймактагы туугандарынан кабар ала албагандары менен даттанышууда»,-деп билдирилди.
Анда, «Бул мартабасы менен, эң оболу Кытай Эл Республикасынын жооптуулары сөзү болгон окуя туурасында ачык териштирүү баштатуусу, окуялардын себептерин олуттуу түрдө иликтөөсү жана ким болсо дагы жооптууларды ортого чыгаруулары күтүлүүдө»,-деп айтылды.
Аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун болушу, мындай окуялардын экинчи болбоосун каалаган жарыяда, «Ушуга ылайык, окуялардын болушуна жол ачкан себептердин жоюлушу, уйгурлардын жарандык укуктары жана диний эркиндиктери менен негизги укук жана эркиндиктеринин кепилдикке алынышы маанилүү»,деген сөздөргө орун берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар