Премьер - министр Эрдоган CNNдин суроолоруна жооп берди

Эрдоган : «Мүмкүн болушунча калкыма жана мамлекетиме кызмат кылууну улантам»,- деди.

70595
Премьер - министр Эрдоган CNNдин суроолоруна жооп берди

 «Израилди азыр да Батыштын жактоосу жана дүйнөнүн Израилге унчукпашы түшүнүксүз. Биз үнсүз кала албайбыз, калбайбыз да». Бул сөздөр премьер – министр Р. Т. Эрдоганга таандык. Премьер – министр Эрдоган CNN İnternationalдын тажрыйбалуу алып баруучусу Бекки Андерсондун күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди. Күн тартибиндеги негизги темалар Израилдин Газа кол салуусу болду. Премьер – министр Эрдоган Израилдин мурунку премьер – министри Ариэль Шарондун бир жолугушууда өзүнө айткан : «Эң бактылуу болгон учурларым Палестинада танктардын үстүндө жүргөн кездер»,- дегенин эч унутпаганын айтты. Израилди Батыштын жактаганын жана дүйнөнүн Израилге унчукпаганы түшүнүксүз экенин баса белгилеген Эрдоган : «Ушундан улам биз үнсүз калбайбыз»,- деди. Андерсондун : «Израилдин Газадагы кыймылдарынан улам Гитлерди эске салат» ,- деген сөзүңүздүн артындасызбы»,- деген суроосуна Эрдоган : «Бул айткандарымдын артында турам»,- деп жооп берди. Эрдоган ок атууну токтотуу тууралуу берилген бир суроого жооп катары : «Алдыңкы шартсыз ок атууну токтотуу келишими адилеттүү боло албайт»,- деди. Премьер – министр Р. Т. Эрдоган Египеттин Плаестинадагы ролу тууралуу берилген суроого : «Египет азыркы учурда бир гана Сиси эмес. Ал жердин калкы бар. Биз үчүн эң маанилүү нерсе ал жердин калкынын мамилеси»,- деп жооп берди. Кабарчынын Сисиден сөз кылып : «Ал бир Тиранбы» деген суроосуна Эрдоган : «Азыркы учурда ал Тиран. Мындан шегим жок»,- деди. Эрдогандан президенттик шайлоо тууралуу да суралды. Эрдоган : «Мүмкүн болушунча калкыма жана мамлекетиме кызмат кылууну улантам»,- деп жооп берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар